Президент: Кыргызстан Жибек жолунун Экономикалык алкагын түзүүгө өз салымын кошуп жатат
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-апрелде делегациялар башчылары менен бирге Кытайдын Пекин шаарында «Бир алкак – бир жол» Экинчи форумунун алкагында эл аралык кызматташтык боюнча сессиялардын ишине катышууда.Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.
Форумдун экинчи күнү Пекинге жакын шаарчада Яньци көлүндөгү Эл аралык жыйын борборунда өтүп жатат. КЭР Төрагасы Си Цзиньпин Форумдун 1-сессиясын ачкан соң, президент Сооронбай Жээнбеков Форумун 1- сессиясында «Өнүгүүнүн жаңы кыймылдаткыч күчтөрүн издөө үчүн өз ара байланыштарды бекемдөө» деген темада сөз сүйлөдү.
«“Бир алкак – бир жол” демилгесинин алкагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маанилүү», - деп белгиледи Жээнбеков.
Президент бул чоң иш чара өлкөлөрдүн «Бир алкак – бир жолдун» алкагында мындан ары карай өз ара тыгыз кызматташуусуна өбөлгө болот деп ишенерин ал баса белгиледи.
«Быйыл Демилгеге алты жыл толот. Кыргызстан бул долбоорду биринчилерден болуп колдогон. Анын өз убагында көтөрүлгөнү жана келечектүүлүгү глобалдык чакырыктарга жана коркунучтарга жооп болду. Форум биздин өлкөлөрдү туруктуу өнүктүрүү жаатында пикир алмашуу жана жалпы аракеттерди бириктирүү үчүн уникалдуу аянтча болуп калды. Бул демилге глобалдык экономикалык милдеттерди илгерилетүүгө багытталган. Бүгүн анын алкагында Чыгыш менен Батышты бириктирип, эл аралык деңгээлде өз ара аракеттешүү жана жаратмандык аспектилери пайда болду. Ачык-айкын жана баарына пайдалуу болгондуктан, Идея дүйнө жүзүндө улам көп колдоого ээ болууда. Форумду өткөрүү жакшы салтка айланат деп үмүттөнөм”,- деп белгиледи Мамлекет башчысы.
Ал баса белгилегендей, Кытай биргелешип гүлдөп-өнүгүү идеясын эле көтөрүп чыкпастан, реалдуу кадамдарды жасады. Өлкө экономикасы тездетилген темпте өнүгүүдөн жогорку сапаттагы өнүгүүгө өтүүдө. Ал глобалдык экономиканын өсүшүнүн башкы стабилизатору болуп саналат.
«Кыргызстан Жибек жолунун Экономикалык алкагын түзүүгө өз салымын кошуп жатат. Азыр глобалдык экономикалык активдүүлүк борбору Азия континентине ооп турганын Сиздер жакшы билесиздер. Ээлеген географиялык орду боюнча Кыргызстан уникалдуу өлкө. Бир жагынан Кытай – биздин жакын кошунабыз, ал эми башка жагынан – биз Евразия экономикалык биримдикке мүчөбүз. Биз бул эки глобалдык экономикалык чөлкөмдөрдүн ортосунда көпүрө болууга даярбыз, деп баса белгиледи Мамлекет башчысы. Экинчи Форумдун катышуучулары транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү бардык өлкөлөр үчүн приоритеттүү багыт болуп эсептелет деген бир пикирде. Кыргызстанда транзиттик автомобиль жолдорун реконструкциялоону 2022-жылга карата аяктоо болжолдонууда. «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолу долбоорун ишке ашыруу да чоң салым болот деп ишенем. Бул баарыбыз үчүн өтө зарыл долбоор жана ал Демилгенин концепциясына толугу менен дал келет”.
«Кыргызстан жаңы технологияларга муктаж. Биз Жибек жолунун санариптик инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча эл аралык демилгелерди колдойбуз. Жашыл экономикада, энергияны үнөмдөө, энергиянын кайра жаралуу булактарын табууда, биоинженердик жана нанотехнология тармактарында жаңы технологияларды жана инновацияларды түзүү боюнча күч-аракеттерди бириктирүүгө даярбыз. Кыргызстан – глобалдык жана регионалдык интеграциялык процесстердин чын ыкластуу жактоочусу. «Бир алкак – бир жолду» биргелешип куруу буга катышкан бардык өлкөлөрдүн элдерине бакубатчылык алып келет деп ишенебиз», - деп баса белгиледи Жээнбеков.
Добавить комментарий ×