Президент: “Билим берүү — туруктуу өнүктүрүүнүн эң ишенимдүү пайдубалы болуп саналат”

11 октябрь 2018 12:37 939 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 11-октябрда, Бишкек шаарында КМШ мүчө өлкөлөрүнүн мугалимдеринин жана билим берүү кызматкерлеринин V сьездинин ачылышында Сооронбай Жээнбеков  «Билим берүү — туруктуу өнүктүрүүнүн эң ишенимдүү пайдубалы болуп саналат”деди өлкө башчы.

Биздин жалпы билим берүү мейкиндигибиз болушу керек. Бул биздин өлкөлөрдүн бирге өнүгүшүнө жардам берет.

Ошол эле учурда ар бир өлкөнүн өнүгүү өзгөчөлүгү ар башкача. Ошондуктан Өкмөткө Кыргызстанда билим берүүнүн жаңы Стратегиясын иштеп чыгуу милдети коюлган.

Кыргызстанда билимдүү коомдун болушу — айрым адамдардын эле каалоосу эмес, бул мамлекеттик мааниси бар иш.

Биздин Конституция боюнча негизги жалпы билим милдеттүү жана акысыз.

Реформалардын буюрутмачысы болгон мамлекеттин атынан мен билим берүү системасынын алдына мектеп буга чейин топтолгон билимдерди берүүчү гана жер болбостон, биздин жаш муундар каалаган убакта, каалаган жеринде, өмүр бою жаңы билимдерди алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло турган жайга айландыруу үчүн аны кандайча реформалоо керек деген маселени койдум.

Биздин билим берүү системабыз коомдук ченемдерди жаңылоочу гана жер эмес, өлкөнү өнүктүрүүнүн механизми дагы болушу керек” дейт президент Сооронбай Жээнбеков.

Ссылка: https://barometr.kg/prezident-bilim-ber-turuktuu-nktrnn-e-ishenimd-pajdubaly-bolup-sanalat



Добавить комментарий