Президент Баткен, Жалал-Абад областтарынан кабар алат

20 февраля 2019 10:14 1233 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарына иш сапарларын улантууда. Бүгүн, 20-февралда Мамлекет башчысы иш сапары менен Баткен облусуна барат. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарады. Иш сапардын алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков Баткен облусунун Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын жашоочулары менен жолугушат.

Эртең, 21-февралда Жалал-Абад облусуна барып, Сузак районунун жашоочулары менен жолугушат.

Мындан тышкары, Мамлекет башчысы бул аймактардагы инфраструктуралык, социалдык, өндүрүштүк жана билим берүү объектилери менен таанышат.

Ссылка: https://barometr.kg/prezident-batken-zhalal-abad-oblasttarynan-kabar-alat



Добавить комментарий