Президент Алмамбет Шыкмаматовдун кызматтан кетүү тууралуу арызын кабыл алды
Президент Садыр Жапаров Алмамбет Шыкмаматовдун инвестиция министринин кызматынан кетүү тууралуу арызын кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынын маалыматына таянуу менен “Барометр” билдирет.
Эскерте кетсек, буга чейин Алмамбет Шыкмаматов Садыр Жапаровго Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышууга ниеттенип жатканын айткан. Мамлекет башчысы анын отставкасын кабыл ала турганын айтып жана аткарган иши үчүн ыраазычылык билдирген.
Мындан тышкары президенттин жарлыгы менен Алмамбет Шыкмаматовго “Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси” деген класстык чин ыйгарылды.
Ссылка: https://barometr.kg/prezident-almambet-shykmamatovdun-kyzmattan-ket-tuuraluu-aryzyn-kabyl-aldy
Добавить комментарий ×