Президент Афганистандан эвакуацияланган БУУнун түзүмдөрүн убактылуу жайгаштырууну сунуштады

22 сентября 2021 09:40 800 Barometr
Поделиться в:
ok

Президент Садыр Жапаров 21-сентябрда Бириккен Улуттар уюмунун башкы ассамблеясынын 76-сессиясына видео кайрылуу менен чыгып, сөз сүйлөдү. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” билдирет.

Өз кайрылуусунда Жапаров Афганистанда болуп жаткан акыркы окуяларга тынчсыздана турганын билдирди.

“Афганстандагы акыркы кырдаалга байланышту биздин тынчсыздануубузду белгилебей коюуга болбойт. Биз беш жүз афгандык жаштарга биздин университеттерде билим алуусуна мүмкүнчүлүк бере алабыз, ошондой эле муктаж болгондорго, биринчи кезекте, Афганстандын Чоң жана Кичи Памириндеги этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтө алабыз. Афганстандан БУУ мекемелерин эвакуациялоо жүрүп жатканын эске алып, Кыргызстан аларды Бишкекте убактылуу жайгаштырууну сунушайт. Буга байланыштуу, БУУнун Башкы катчысынан биздин сунушка көңүл бурууну өтүнөм.

Ошондой эле Афганстандагы түзүлгөн кырдаалдан улам, Борбордук Азиянын коопсуздугу алдыңкы планга чыгууда. Афганстандагы коомдук-саясий туруктуулук жана тартип тез арада орнооруна ишеним артабыз”,-деп айтты президент.

Ссылка: https://barometr.kg/prezident-afganistandan-evakuaciyalangan-buunun-tzmdrn-ubaktyluu-zhajgashtyruunu-sunushtady



Добавить комментарий