Абылгазиев Москва шаарында КМШнын Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышууда

25 октябрь 2019 15:07 526 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз Республикасынан Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Россия Федерациясынын Москва шаарындагы иш сапарынын алкагында  «Сколково» инновациялык борборунда өтүп жаткан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынынын чакан курамына катышууда. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. 

 Жыйын башталардан мурда делегация жетекчилери менен учурашуу, ошондой эле чогуу сүрөткө түшүү аземи болду.

 Андан соң Кеңештин кеңейтилген курамдагы жыйыны болот, анын жыйынтыгы менен бир катар документтерге кол коюлат. Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынынын күн тартибине 19 маселе кирген.

 


 

 

 

 

 

 

 

 

 

 


Ссылка: https://barometr.kg/premer-ministr-skolkovo-innovaciyalyk-borbrunda



Добавить комментарий