Премьер-министр Садыр Жапаров жана өкмөт мүчөлөрү ант беришти

28 октября 2020 17:03 843 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 28-октябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңешке премьер-министр Садыр Жапаров ант берди.

“Мен, Жапаров Садыр Нургожоевич, премьер-министрдин кызматына киришип жатып, өз элимдин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана президентинин алдында КР Конституциясын жана анын мыйзамдарын ыйык сактоого, өз милдеттеримди ак ниет менен берилип аткарууга, Кыргызстан элинин алдында кызмат кылууга ант беремин! Берген антымды бузган учурда КР мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга даярмын”, — деди Жапаров.

Ошондой эле, өкмөттүн башка мүчөлөрү да ант беришти:

Биринчи вице-премьер-министр – Артём Новиков;

Вице-премьер-министр – Равшан Сабиров;

Вице-премьер-министр – Максат Мамытканов;

Вице-премьер-министр – Элвира Сурабалдиева;

Өкмөттүн аппаратынын жетекчиси, министр – Бактыбек Аманбаев;

Экономика министри – Санжар Муканбетов;

Финансы министри – Кыялбек Мукашев;

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри – Тилек Токтогазиев;

Транспорт жана жолдор министри – Бакыт Бердалиев;

Юстиция министри – Марат Жаманкулов;

Ички иштер министри - Улан Ниязбеков;

Өзгөчө кырдаалдар министри – Бообек Ажикеев;

Саламаттык сактоо министри – Алымкадыр Бейшеналиев;

Билим берүү жана илим министри – Алмазбек Бейшеналиев;

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри – дайындала элек;

Маданият, маалымат жана туризм министри – Нуржигит Кадырбеков;

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жетекчиси – Жыргал Сагынбаев;

Байланыш жана технология мамлекеттик комитетинин башчысы – Алтынбек Исмаилов.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы – Камчыбек Ташиев;

Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы - Эрлис Тердикбаев.

Ал эми, Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев иш сапарында болгондуктан ант берүү аземине катыша алган жок.

Ссылка: https://barometr.kg/premer-ministr-sadyr-zhaparov-zhana-kmt-mchlr-ant-berishti



Добавить комментарий