Абылгазиев Жогорку Кеңешке чек арада чыккан чыр боюнча чакырылды

18 сентября 2019 11:05 1187 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

Бүгүн 18-сентябрда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында чыккан чыр боюнча саат 14:00дө өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев,  Жогорку Кеңешке маалымат берет. Мындай чечим парламенттин бүгүнкү жыйынында кабыл алынды.

16-сентябрда кечке маал Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда атышуу болуп, Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын атайын даярдыктагы «Бөрү» отрядынын аскер кызматчысы Равшан Муминов курман болду.

Андан тышкары дагы 13 киши жаракат алып, алардын 10у 17-сентябрда Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө институтуна алынып келинген.

Ал эми Тажикстан кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан үч чек арачысы каза болгонун кабарланган.

Ссылка: https://barometr.kg/premer-ministr-muhammedkalyj-abylgaziev-zhkda-maalymat-beret



Добавить комментарий