Абылгазиев Ош шаарындагы «Ак-Ниет» паркын ачты
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жумуш сапарынын алкагында Ош шаарындагы «Ак-Ниет» паркынын ачылыш салтанатына катышты. Жергиликтүү калкты ачылыш аземи менен куттуктады. Ош шаары – республикалык маанидеги шаарлардын ичинде чоңдугу боюнча экинчи орунда туруп, экинчи борбор калаа катары аталуу укугу бар экендигин баса белгиледи.
Ал жаңы парк Ош шаарынын жашоочулары жана меймандары үчүн жакшы көргөн жайга айланарына ишеним билдирди.
Премьер-министр ошондой эле Өкмөттүн «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» программасынын алкагында планга Ош шаарынын инфратүзүмүн өнүктүрүүгө багытталган бир катар иш-чаралар киргизилгенин белгиледи. Аларды ишке ашыруу Өкмөттүн өзгөчө көзөмөлүндө турат.
Кошумчалай кетсек, жакында Ош шаарына 3019 жылдыгы белгиленген.
Ссылка: https://barometr.kg/premer-ministr-muhammedkalyj-abylgaziev-osh-shaaryndagy-ak-niet-parkynyn-achty
Добавить комментарий ×