Абылгазиев: Ийгиликтүү ишкер айымдар – ийгиликтүү экономика жана гүлдөгөн Кыргызстан деп билебиз!

21 ноября 2019 09:00 7088 Barometr
Поделиться в:
ok

Мамлекеттик банктарда аялдарды колдоо үчүн «Ишкер – Айым» жана «Айым – Кредит» атайын насыялык продуктулары түзүлгөн. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Бүткүл дүйнөлүк ишкер айымдар күнүн белгилөөгө арналган «Өз алдынча болуу эрдиги...» аттуу конференцияга катышуу учурунда билдирди. 

Өкмөт башчы эске салгандай, үстүбүздөгү жылдын июлунда өткөн «Жаңы импульс» ишкер айымдар боюнча улуттук конференциянын жыйынтыгында резолюция кабыл алынып, аларды ишке ашыруу иштери башталган.  

«2030-жылга чейин ишкер айымдарды өнүктүрүүнүн улуттук программасы  кабыл алынып, «жол картасы» иштелип чыкты. Жайында жолугушуу учурунда мен айымдар ишкерлигин колдоого финансы каражаттарын бөлүүнү убада кылганмын. «РСК банк» ААК аркылуу айымдар ишкерлигин өнүктүрүү үчүн «Ишкер – Айым» атайын насыялык продуктусу түзүлгөнүн канааттануу менен белгилеп кетким келет. 

Мында пайыздык үстөк улуттук валюта менен жылдык 14%, 24 айга чейин (жүгүртүүдөгү каражаттарды толтуруу үчүн) жана 36 айга (негизги каражаттарды сатып алууга/курууга) чейин берилет. Кредиттик линиянын жалпы бюджети 50 млн сом, анын ичинде 26,1 млн сомго 78 насыя берилген.

Ошондой эле «Айыл банк» ААК «Айым – Кредит» атайын насыялык кредитин түзгөн. Анын пайыздык үстөгү улуттук валютада жылдык 14% менен 24 айга чейин (жүгүртүүдөгү каражаттарды толтуруу үчүн) жана 36 айга (инвестицияга) чейинки мөөнөттө берилет. Долбоор 2019-жылдын 15-ноябрында ишке киргизилген», - деди Абылгазиев.

Ал белгилегендей, «Кепилдик фонд» ААКнын 40% финансы каражаттарын ишкер айымдарга берүү маселеси оңдуу каралды. 

Премьер-министр билдиргендей, учурда каралган 2 млрд сомдун алкагында жана  «Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду» коомдук фонду аркылуу аймактарды өнүктүрүү боюнча долбоорлорду каржылоо шарттары түзүлгөн. 

«Бул процесске ишкер айымдардын катышуусунун маанилүүлүгүн белгилегим келет. Менин оюм боюнча, бул иш-чаралардын бардыгы сиздер үчүн жакшы колдоо болот. Биз дайыма сиздерди колдоого, жемиштүү кызматташууга, маселелерди талкуулоого жана аларды чечүү жолдорун издөөгө даярбыз», - деди Премьер-министр.

Өз сөзүндө Мухаммедкалый Абылгазиев балдарга ден соолугунан мүмкүнчүлүгүнүн чектелгенине карабастан, тигүүнүн технологияларын үйрөтүп, өз продукцияларын Бельгия жана Францияга саткан Турдукан Райымбекова, туристтик тармагы өнүгүп келе жаткан, туристтерге кызмат көрсөтүү үчүн тик учма алган Елена Калашникова, Жерге-Тал айылынын тургуну, швейцариялык технология боюнча быштак өндүргөн Алтынай сындуу бир катар ишкерлерди белгиледи. 

Министрлер кабинетинин жетекчиси сөзүн жыйынтыктап жатып, конференциянын катышуучуларына ийгиликтерди, дымактуу пландарды жүзөгө ашырууну, бакубатчылыкты жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады. 

«Дагы бир ирет белгилей кетсем, «Ийгиликтүү ишкер айымдар – ийгиликтүү экономика жана гүлдөгөн Кыргызстан» деп билебиз!» - деп жыйынтыктады Премьер-министр.

Ссылка: https://barometr.kg/premer-ministr-muhammedkalyj-abylgaziev-mamlekettik-banktarda-ayaldardy-koldoo-chn-ishker-ajym-zhana-ajym-kredit-atajyn-nasyyalyk-produktulary-tzlgn



Добавить комментарий