Абылгазиев: 9 айда өлкөгө 90 млрд сом инвестиция тартылган

14 ноябрь 2019 15:20 2934 Barometr
Бөлүшүү:
ok

2019-жылы республиканын ИДПсы 2018-жылга салыштырмалуу туруктуу өсүштү көрсөтүүдө. Бул тууралуу Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев  Жогорку Кеңешинин жыйынында билдирди. 

Өкмөт башчы эгерде 2018-жылы өсүш 3,5%ды түзсө, 2019-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча 6,1%ды түзүп, ЕАЭБдеги жакшы көрсөткүч болгонун кошумчалады. 

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча экспорт 1,3 млрд долларды түздү, бул өткөн жылдын деңгээлинен 11,7%га жогору. 

Импорт 7,3%га төмөндөдү. Өкмөт тарабынан ата мекендик экспорттук продукцияларды өндүрүүчүлөрдү колдоо, импорттун көлөмүн азайтуу боюнча иштер жүрүүдө. Бул саясат мындан ары карай дагы улантылат. 

Абылгазиев чет элдик түз инвестициялар тууралуу айтып жатып, 2019-жылдын 6 айынын ичинде 394 млн АКШ доллары инвестиция тартылып, 2018-жылдын 6 айына салыштырмалуу 59,4%га жогору болгонун билдирди. 

"Мындан тышкары үстүбүздөгү жылдын 9 айында өлкөгө 90 млрд сом инвестиция тартылган, бул 2018-жылдын деңгээлинен 6,3%га көп болду.

Кыргыз Республикасынын Президентинин өлкөнүн тышкы карызын өстүрбөө боюнча саясаты – коомчулукта чоң колдоо таап жатат. Бул багытта Өкмөттүн тышкы карыз боюнча ишин өзгөчө белгилеп кетким келет. Тышкы карызда 2018-жылдан баштап ИДПга карата тышкы карыздын алгачкы жолу туруктуу төмөндөө тенденциясы орун алды. Эгерде 2017-жылы ИДПга карата тышкы карыздын көлөмү 54% болсо, 2018 – 48% болгон. Ал эми 2019-жылы – 46,5%га чейин жеткирилет. Ички резервдерди натыйжалуу пайдаланып, ашыкча чыгашаларды кыскартуу менен, тапкан каражаттар менен жашоого үйрөнүшүбүз керек деген Өкмөттүн позициясы туруктуу. Бул – бюджет тармагындагы негизги стратегия», - деди Абылгазиев

Ссылка: https://barometr.kg/premer-ministr-muhammedkalyj-abylgaziev-2019-zhyly-respublikanyn-idpsy-turuktuu-ssht-krstd



Добавить комментарий