Премьер-министр: Башкы милдет ИДПнын 4 пайыздан кем эмес өсүүсүнө жетишүү

14 марта 2019 14:58 1242 Barometr
Поделиться в:
ok

Башкы милдет ИДПнын 4 пайыздан кем эмес өсүүсүнө жетишүү  болуп саналат. Бул тууралуу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев министрликтер жана ведомство башчылары менен кеңейтилген курамда жыйын өткөрүп, Кыргыз Республикасынын 2019-жылдагы ишинин негизги багыттарын талкуулаган учурда эскертти.

«Башкы милдет ИДПнын 4 пайыздан кем эмес өсүүсүнө жетишүү  болуп саналат. Бул үчүн багыттуу иштөө жана ар бир жетекчиге конкреттүү инвестициялык долбоорлорду жана МЖӨ долбоорлорду бекитүү зарыл. Биз экспортту, бюджетке салыктык түшүүлөрдү жана  бажы алымдарын көбөйтүү үчүн ЕАЭБ рынокторун максималдуу колдонуубуз керек. Биз мамлекеттик каржыларды, мамлекеттик мүлктөрдү башкаруунун натыйжалуулугун өстүрүүгө, мамлекеттик бюджеттин чыгымдарын оптималдаштырып жана таасирдүүлүгүн жогорулатууга тийишпиз»,-деп белгиледи Абылгазиев.

Ссылка: https://barometr.kg/premer-ministr-bashky-mildet-idpnyn-4-pajyzdan-kem-emes-ssn-zhetish



Добавить комментарий