Абылгазиев бажасы Иманкадыр Рысалиевди ээлеген кызматынан чакыртууну талап кылды

18 мая 2019 18:59 1351 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы, Элчи Пьер фон Аркска кайрылып, «Ачык асман» Улуттук форумунун катчылыгынын жетекчиси Иманкадыр Рысалиевди анын айланасындагы жагдай коомдо чоң резонанс жараткандыгына байланыштуу ээлеген кызматынан артка чакыртуу процессин демилгелөөнү сунуштады.

Мындай чечимге мамлекеттик башкаруунун ачык-айкындыгы принциптерин мындан ары карай натыйжалуу илгерилетүүнүн жана мамлекеттик башкарууга жарандык секторду тартуунун маанилүүлүгү түрткү болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/premer-ministr-achyk-asman-uluttuk-forumunun-katchylygynyn-zhetekchisi-imankadyr-rysalievdi-eelegen-kyzmatynan-chakyrtuunu-sunushtady



Добавить комментарий