Премьер: коронавируска карата чек арадагы көзөмөл күчөтүлдү

27 январь 2020 10:22 1203 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кытайда чыккан коронавирустан улам Кыргызстан бардык мамлекеттер менен болгон чек аралардагы санитардык карантин көзөмөл коюлуп, текшерүү күчөтүлдү. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн кезектеги жыйынында билдирди.

Премьер андан сырткары Кыргызстанга авиакаттам, машина жана темир жол аркылуу келип жаткан кишилер жана өзгөчө айыл-чарба продукциясы тыкыр текшерилип жатканын кошумчалады.

"Айыл чарба продукцияларын алып келгендерди өзгөчө текшерип жатабыз. Азыр Кыргызстандын аймагында андай вирус катталган жок. "Манас" жана "Ош" аэропортторуна тепловизор коюлуп, келген жүргүнчүлөр текшерилип жатат", — деди Абылгазиев.

Өкмөт башчы ошондой эле, Кытай менен чектешкен аймактагы "Торугарт" менен "Эркечтам" көзөмөл өткөрүү пунктарында бардык кыймыл-аракет токтоп, адамдардын жана продукцияны ташып келүү кыймыл аракеттери токтотулганын кошумчалады.

Көзөмөл өткөрүү пунктарына 22 санитардк көзөмөл пунктары орнотулду.

Ссылка: https://barometr.kg/premer-koronaviruska-karata-chek-aradagy-kzml-kchtld



Добавить комментарий