Пособиелер менен социалдык төлөмдөр өзгөчө абал учурунда кандай төлөнөт?

31 марта 2020 15:49 1993 Barometr
Поделиться в:
ok

Пособиелердин бардык түрү жана социалдык төлөдөр убагында график боюнча төлөнөт. Бул тууралуу Социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат катчысы Кымбат Кадыралиева “Барометр” маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, министрлик тарабынан берилип келген төлөмдөр алуучулардын банктагы эсебине которулат.

“Алыскы райондордо жашаган жарандарга “Кыргызпочтасы” алып барып берет”, — деди ал.

Социалдык өнүгүү министрлиги бир нече пособиелерди төлөп берет. Атап айтканда, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү 16 жашка чейинки балдарга “үй-бүлөгө көмкөк”, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жана аларга кам көргөндөргө, жумушсуздук боюнча пособие, жеңилдиктердин ордуна компенсация сыяктуу бир катар төлөмдөр бар.

Кадыралиева андан сырткары пособиелер менен башка төлөмдөрдү төлөп берүүнүн убагы учурдагы кырдаал турукташканге чейин өтүп кетсе дагы токтотулбай турганын айтты. Ал төлөмдөр ар бир айдын 17-күнүнө чейин төлөнөрүн эскертти.

Социалдык фонд буга чейин пенсия жана башка төлөмдөр белгиленгин график боюнча ишке ашарын айткан. Учурда өзгөчө абал киргизилген аймактарга пенсияны жеткирүү маселесин чечүү сүйлөшүлүп жатат. Ал 10на чейин белгилүү болот.

Ссылка: https://barometr.kg/posobieler-menen-socialdyk-tlmdr-zgch-abal-uchurunda-kandaj-tlnt



Добавить комментарий