Помело өсүмдүгүнүн ден соолукка пайдасы
Белгилүү диетолог Светалана Фус өзүнүн Инстаграмм баркачасына помело жемиши тууралуу кызыктуу маалымат бөлүштү.
Помело бул кандай өсүмдүк?
Помело өтө таттуу жана өтө ачуу болбогон цитрус жемишинин катарын толуктайт. Анын ширеси башка цитрустук жемиштерге салыштырмалуу кургак келет. Аталган жемиштин узундугу 25 сантиметр жана салмагы 2 килограммга чейин болот. Кабыгынын жоондугу 5 сантиметр.
Кытайда Жаңы жылдын алдында бири-бирине бакыт тартуулоо максатында помело жемишин тартуу кылат.
Помело өсүмдүгүн кандай тандоо керек?
Бул жемишти тандоодо сиз анын салмагына көңүл буруңуз. Канчалык анын салмагы оор болсо, демек помело өсүмдүгү жакшы бышкан дегенди билдирет. Аны сатып алуудан соң бөлмөнүн температурасындагы үйгө бир канча күн коюп койсоңуз, помелонун жыты буркурап, бираз таттуу болуп калат.
Помело өсүмдүгүнүн курамы
100 грамм өлчөмдөгү помелонун курамын 88% суу калган пайызын калорий түзөт. Ошондуктан ал ден соолукка өтө пайдалуу.
Ден соолукка пайдасы
Помело эң биринчден организмдеги тамак сиңирүүчү мыкты каражат. Анын бир эле тилимин жегенде күнү бою курсагыңыз ток жүрөт. Помелонун курамында витамин C, B1, B2, бето-каротин жана кальций бар. Буга кошумча сиз помелону салаттарга кошуп жесеңиз дагы өтө пайдалуу.
Бул жемиш атеросклероз оорусуна, тери ооруларына жана иммунитетти көтөрүүгө жардам берет. Ошондой эле грипптин алдын алуучу мыкты каражат.
Ссылка: https://barometr.kg/pomelo-smdgnn-den-soolukka-pajdasy
Добавить комментарий ×