Помада: эркектер аялдардын эрдиндеги кандай түстү жактырат?
Ачык түспү же нюдбу? Помаданын өңүн кантип тандаш керек жана учурда тренд болуп жаткан түстөр кайсы? barometr.kg кайсы түс сиздин мырзанын тынчын алып сиз жөнүндө кыялданта турганын изилдейт.
Ачык-кызыл
Эмне десек да бул классика. Көбүнчө мындай түстүү эриндерди чыны менен эркектер жактырышат. Мырзалардын көңүлүн өзүнө бурдурам деген кыздардын косметичкасында бул өңдүн болгону дурус. Бирок ал идеалуу макияж менен болгону жакшы. Бет терсине туура тоналдык крем колдонуп анан ушундай помада менен оозду боесо болот. Башка учурда мындай өң беттеги кенедей кемчиликти дагы ачып көрсөтүп салат.
Күңүрт өңдөр
Каралжын-сыя көк, кара түстүү помада колдонгон өзгөчө кыздар бар. Бирок мырзаларга жагууну пландап жатсаңыз мындай түстү колдонуп Франкенштейндин колуктусундай болуп алуунун кажети жок. Көпчүлүк мырзалар кара өңдөгү помадаларды натуралдуу эмес деп жактыра беришпейт.Жигитиңиз эсин жоготуп кулап калбасын десеңиз айрыкча биринчи кездешүүгө мындай помада сүйкөнүп бара көрбөңүз!
Эң туурасы
Эң эле туура тандалган түс бул ооздун табийгый өңүнө окшош болгон түс экенин эскерте кетмекчибиз. Жалтырак, ачык түстөрдү кечелерге сактап коюңуз!
Ссылка: https://barometr.kg/pomada-erkekter-ayaldardyn-erdindegi-kandaj-tst-zhaktyrat
Добавить комментарий ×