Полковник Раим Салимов Москвадагы илимий-консультативдик кеңешмеге катышты

7 октября 2019 15:30 1258 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги өкүлү, юридика илиминин кандидаты, милициянын полковниги Р. Салимов Москва шаарында болгон көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин ички иштер министрликтеринин Кеңешине караштуу Илимий-консультативдик кеңешеге катышты. Бул тууралуу  ИИМдин басма сѳз кызматы билдирди.

Иш-чарага Илимий-консультативдик кеңешинин мүчөлөрү-Кыргыз Республикасынын, Азербейджан, Армения, Беларусия, Казакстан жана Тажикистан республикаларынын ИИМдин, андан сырткары КМШ катышуучу-өлкөлөрүнүн аймагындагы уюшкан кылмыштуулук жана башка кылмыштын түрлөрү менен күрөшүүнү координациялоо боюнча Бюросунун өкүлдөрү  катышты.

Анда азыркы күндѳгү кылмыштуу чѳйрѳгѳ күрѳшүүнүн жаңы ыкмалары талкууланып сунушталды.

Отурумдун жүрүшүндө Илимий-консультативдик кеңештин мүчөлөрү 2019-жылга карата ИККтин Иш-планынын аткарылышы жана 2020-жылга карата ИККтин Иш-планынын долбоору жөнүндө талкуулашты.
Андан сырткары, РФдин ИИМдин чечими менен Илимий-консультативдик кеңештин мүчөлөрүнө Россиянын ИИМдин жана "Россиянын ИИМдин жалпы россиялык илимий изилдөө институтунун" федералдык мамлекеттик түзүмдүк мекемесинин сыйлыгын жана белектерин тапшырды.
ИИМдин Кеңешине караштуу Илимий-консультативдик кеңешинин төрагасы Валерий Васильевич Кожокарь ИККнын мүчөлөрүн аткарган иштери үчүн ыраазычылыгын айтып, алдыга коюлган тапшырмалар жемиштүү аткарыла тургандыгына ишенимин билдирди.

Ссылка: https://barometr.kg/polkovnik-raim-salimov-moskvadagy-ilimij-konsultativdik-keeshmege-katyshty



Добавить комментарий