Планетадагы эң бай адамдын мүлкү бир жылда 19 миллиард долларга көбөйдү
Amazon компаниясынын ээси Джефф Безос дүйнөнүн эң бай адамы деп табылды. Бул тууралуу Америкалык Forbes журналынын дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмесин жарыялаган рейтингде белгиленет. Мындай кабар Forbesтин расмий сайтына бүгүн 5-мартта чыкты. Анын мүлкү 131 миллиард долларга бааланган. Безостун каражаты 2018-жылы 112 миллиард болгон.
Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс $96,5 млрд мүлкү менен тизмеде экинчи сапка жайгашса, инвестбанкир Уоррен Баффет $82,5 млрд мүлкү менен үчүнчү орунга жетти.
Планетагы миллиардерлердин кезектеги 33- рейтинги 5-мартта жарыяланды. Дүйнөдөгү бардык 2153 миллиардердин мүлкүн кошкондо 8,7 трлн долларга жеткен. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу $0,4 трлнго аз болгон.
Дүйнөнүн эң бай адамдарынын тизмесиндеги алдыңкы ондукка жети америкалык жана бир-бирден франциялык, мексикалык, испаниялык кирген.
Тизменин сап башындагы Безос, Гейтс жана Баффеттон кийин эле $76 млрд мүлкү менен франциялык Бернар Арно жайгашкан. Мексикалык Карлос Слимдин мүлкү $64 млрдга бааланып, бешинчи орунду ээледи.
Байлардын тизмесинин алдыңкы ондугуна ошондой эле испаниялык Амансио Ортега ($62,7 млрд), америкалыктар Ларри Эллисон ($62,5 млрд), Марк Цукерберг ($62,3 млрд), Майкл Блумберг ($55,5 млрд) жана Ларри Пейдж ($50,8 млрд) киришкен.
Америкалык Forbes финансы-экономикалык журналы - 1917-жылы Берти Чарлзом Форбс тарабынан негизделген басылма. Ал дүйнөдөгү экономикалык эң абройлуу жана белгилүү басылма болуп саналат.
Ссылка: https://barometr.kg/planetadagy-e-baj-adamdyn-mlk-bir-zhylda-19-milliard-dollarga-kbjd
Добавить комментарий ×