Өпкө рагынынын буга чейин белгисиз болгон симптомдору аныкталды

30 декабря 2020 10:39 1539 Barometr
Поделиться в:
ok

Колтуктагы шишиктер же шишиген жерлер өпкө рагынын белгилери болушу мүмкүн Бул тууралуу Express агенттиги Cancer Research UK уюмуна шилтеме берүү менен жазган маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

Уюмда белгиленгендей, мындай көрүнүштөр, айрыкча колтукта же моюнда, ошондой эле, оору лимфа түйүндөрүнө таасирин тийгизиши мүмкүн.

Ошол эле учурда, Cancer Research UK компаниясы, инфекциялык оорулар учурунда да лимфа түйүндөрү чоңоюп кетиши мүмкүн экендигин баса белгиледи.

"Ошондуктан, врач текшерип, анализ тапшырмайынча, шишиктин пайда болушунун себеби жөнүндө так айта албайсыз", - деп эскертти уюм.

Өпкө рагынын сейрек кездешүүчү белгилерине манжалардын учтарынын шишип кетиши, жутуудагы кыйынчылыктар (дисфагия) же жутканда оору, өпкөдөн кырылдаган үндүн чыгышы, бет же моюндун шишип кетиши, көкүрөк же далыда туруктуу оору пайда болушу.

Ссылка: https://barometr.kg/pk-ragynynyn-buga-chejin-belgisiz-bolgon-simptomdoru-anyktaldy



Добавить комментарий