Pfizer вакцинасы Кыргызстандын аймактарына жөнөтүлүп жатат
Бүгүн, 1-ноябрда Pfizer вакцинасы Ош, Жалал-Абад жана Баткен областарына жөнөтүлдү, эртең вакцина Нарын, Ысык-Көл жана Талас областарына жөнөтүлөт. Бул тууралуу брифинг маалында Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гульбара Ишенапысова билдиргенин “Барометр” маалымдайт.
Ал Кыргызстанга баардыгы болуп 250 миң доза Pfizer вакцинасы келгенин эскертти. Бишкектеги жана Чүй областындагы убактылуу эмдөөчү пункттарда аны менен эмдөө башталды.
Вакцинаны жаш курагы 18 жаштан жогорку баардык каалоочулар алса болот.
“Эмделгенден кийин ийне сайылган жер кызарып, ооруксунуу пайда болуп, температура 37 градуска чейин жогорулашы мүмкүн, баш ооруп, дене салмакташат. Мындай реакция бир нече күн болот, эгер ал узакка созулуп баратса дарыгерге кайрылуу керек”,-деп эскертти Гульбара Ишенапысова.
Ссылка: https://barometr.kg/pfizer-vakcinasy-kyrgyzstandyn-ajmaktaryna-zhntlp-zhatat
Добавить комментарий ×