Петербургда көчөдөгү аялга тийише коем деп кыргызстандык кармалды

13 март 2019 17:01 2387 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Петербург шаарынын полициясы Генерал Симоняк көчөсүндө кетип бара жактан аялга тийишкен кыргызстандыкты кармады. Бул тууралуу Россиянын ЖМКлары кабарлады. 

Буга чейин маалым болгондой, 8-мартта Генерал Симоняк көчөсүндөгү № 25 үйдүн жанында белгисиз кылмышкер 1983-жылы туулган аялга карата күч колдонгону тууралуу маалымат берилген.   

9-мартта бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.

10-мартта Ветеранов проспектисинде № 67 үйдөн аталган кылмышка шектүү делип 1982-жылы туулган Кыргызстандын жараны кармалды. Ал 9-мартта ичимдикке мас болуп алып аялга тийишип, окуя болгон жерден качып кеткенин мойнуна алды.

Учурда ал камакка алынды.

 

Ссылка: https://barometr.kg/peterburgda-kchdg-ayalga-tijishe-koem-dep-kyrgyzstandyk-karmaldy



Добавить комментарий