Пермь крайында мектеп окуучусу курал менен кол салды
Россиянын Пермь крайында 6-класстын окуучусу ок атты. Бул тууралуу РИА Новости булагына шилтеме кылуу менен “Барометр” маалымдайт.
Россиянын Ички иштер министрлигинин Пермь крайы боюнча башкы башкармалыгы окуя эртең мененки саат 8.00гө жакын болгонун кабарлады.
“Пермь крайынын Октябрь районунда мектеп окуучусу курал менен дубалга жана шыпка эки ирет ок аткан. Бул окуядан эч ким жабыр тарткан жок. Өспүрүм кармалды”,-деп айтылат маалыматта.
6-класстын окуучусунун мотивдери менен анын куралды кайдан алганын полиция териштирип жатат.
Эскерте кетсек,20-сентябрда студент Тимур Бекмансуров Пермь мамлекеттик изилдөө университетинде курал менен кол салып, 6 адам каза таап, 28 киши жаракат алган, анын ичинен 19 адамга ок тийген.
Ссылка: https://barometr.kg/perm-krajynda-mektep-okuuchusu-kural-menen-kol-saldy
Добавить комментарий ×