Перекись водороддун сиз билбеген өтө пайдалуу жактарын сунуштайбыз

20 мая 2019 10:07 13866 2 Barometr
Поделиться в:
ok

Эгерде сиз  суутек кычкылынын (перекись водород) төмөнкүдөй кеңири чөйрөдө колдонулушун билсеңиз, анда эртенден баштап перекись водород сиздин аптечканызда, керек болсо ашкананызда дагы өз ордун табышы мүмкүн.

Суутек кычкылынын (перекись водород) стандарттык эмес колдонуу ыкмалары: 

         Вирустар бул каражаттын жанына такыр эле жолой алышпайт, сасык тумоодо эки кулакка 3 тамчы суутек кычкылын тамчылатып койсо оору тып басылат;

         Жашылча жана жер жемиштердеги химикаттарды чыгаруу үчүн 60 мл суутек кычкылы жана 700 мл суу аралашмасына жууп коюу гана жетиштүү;

         3,5л сууну алыңыз, ага 0,5 л суутек кычкылын аралаштырып туруп бөлмөгө себип койсоңуз абадагы бактериялардан арыласыз;

         Бутуңузду агартууга эң мыкты каражат- ал үчүн жөн гана перекиске жууп коюуңуз; 

         Перекись чачтын өңүн ачык түскө өзгөртүүчү каражат- мелирование жасоо үчүн ным чачка бул каражатты сиңирип коюуңуз;

         Тишти  агартуу үчүн эки чай кашык суу жана бир чай кашык суутек кычкылынын кошулмасын колдонуу керек;

         Тиштин оорусун басуу үчүн-кокос майы жана суутек кычкылынын кошулмасы менен чайкап койсо жардам берет;

         Организмдеги шлактарды  чыгаруу жеңил эле-250 мл 35% каражатты ваннага кошуңуз, ваннадан чыккандан кийин, жеңил душка кирип коюуңуз;

         Кездемеге  тамган кандын тагын кетирүү үчүн суутек кычкылынын аралашмасына кездемени 1 мүнөттөй чыгап коюп, андан соң муздак сууга жууп коюуңуз; 

         Перекись идиш аякты жуучу мыкты каражат десек таң калышыңыз мүмкүн. Бирок кадимки эле идиш жууй турган каражаттарга перекись кошуп койсоңуз сөзсүз жыйынтыгын берет; 

         Суутек кычкылынын кошулмасы менен үйүңүздү тазаласаңыз уулу нерселер менен байланышты жана күнүмдүк химиялардан аллергия кылуучу жагдайлардан кутуласыз; 

         220 мл суутек кычкылын ак кийимдерди жууп жатканда кошуп коюп, 30 мүнөттөн кийин жууп салыңыз, бул кезмедени агартуунун эң пайдалуу жолу. 

Ссылка: https://barometr.kg/perekis-vodoroddun-siz-bilbegen-t-pajdaluu-zhaktaryn-sunushtajbyz



Добавить комментарий