Пенсионер аялдын 40 миң долларын жана алтын тыйындарын уурдап кетишти
Поделиться в:
Москвада пенсионер аялдын бир килограммга жакын алтын тыйындар коллекциясын жана 40 миң долларын уурдап кетишти. Бул тууралуу РИА Новости Москва шаарынын ички иштер органдарына шилтеме кылуу менен билдирди.
1958-жылы туулган аял полицияга кайрылып анын үйүн тоноп кетишкенин айткан. Уурулар аялдын биринчи кабатка жайгашкан үйүнө 3-мартта жана 7-мартта киришкен.
“Материалдык чыгым 5,7 миллион рублге бааланды”,-деп кабарлашты ички иштер органдарынан.
Учурда ууруларды издөө иштери жүрүп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/pensioner-ayaldyn-40-mi-dollaryn-zhana-altyn-tyjyndaryn-uurdap-ketishti
Добавить комментарий ×