Педагогика илимдеринин доктору Жоомарт Байсалов пневмониядан каза болду
Поделиться в:
И. Арабаев атындагы университетинин педагогика факультетинин деканы Жоомарт Байсалов каза болду. Бул тууралуу аталган окуу жайдын басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирди.
Профессор Байсалов 71 жашта эле. Алдын ала айтылган маалыматка караганда ал пневмониядан көз жумду.
Белгилей кетсек, Жоомарт Байсалов — педагогика илимдеринин доктору, профессор, билим берүүнүн отличниги, «Билим берүүнүн эмгек сиңирген ишмери» наамына татыган.
«Барометрдин» жалпы жааматы Жоомарт Байсаловдун үй-бүлөсүнө, туугандарына тере н кайгыруу менен көңүл айтат.
Ссылка: https://barometr.kg/pedagogika-ilimderinin-doktoru-zhoomart-bajsalov-pnevmoniyadan-kaza-boldu
Добавить комментарий ×