Патрулдук милиция түзүү үчүн бюджеттен 381 миллион сом каралат

13 май 2019 15:31 949 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Патрулдук милиция кызматын түзүү боюнча долбоорду ишке ашырууга бюджеттен 381 миллион сом бөлүнөт. Бул туурасында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси орун басар Нур Сатыбалдиев маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында 2019-жылы 197 миллион 200 миң сом жумшоо пландалууда.

«Бул акчага жабдуулар, атайын каражаттар жана авто унаалар алынат. Азыр ачык сынак жарыяланды. Каалагандар арыз менен кайрылса болот», - деди Нур Сатыбалдиев.

2018-жылдын август айында президенттин тапшырмасы менен жол-транспорт кырсыктарын азайтуу, ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнүн ишин жакшыртуу, жол коопсуздугу камсыз кылуу боюнча сунуштарды иштеп чыгууга эксперттик жумушчу тобу түзүлгөн.

Патрулдук милиция кызматын түзүү боюнча пилоттук долбоор Бишкекте 2019-2020-жылы ишке кирет. Реформадан кийин бардык өлкөнү камтыйт.

Ссылка: https://barometr.kg/patrulduk-miliciya-tz-chn-byudzhetten-381-million-som-karalat



Добавить комментарий