Өкмөт башчылыкка Кубатбек Бороновдун талапкерлиги колдоо тапты

16 июня 2020 14:10 1011 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, парламенттик коалиция КРнын Премьер-министрлик кызмат ордуна Кубатбек Бороновдун талапкерлигин кароодо. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Коалициялык көпчүлүктүн алдында баяндама жасаган Кубатбек Боронов Өкмөт мүчөлөрүндө ири өзгөрүү болбогондугун белгилеп, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы менен Өкмөттүк Аппараттын жетекчиси кызмат орундарына “Жогорку технологиялар паркынын” башчысы Алтынбек Исмаиловдун менен Таалайбек Темиралиевдин талапкерлигин сунушталып жатканын маалымдады.

Кубатбек Бороновдун айтымында коронавирус пандемиясы Өкмөт койгон иш планга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө мажбур кылган. Бирок, бул жагдайга карабай Өкмөт Президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан коюлган максатты ишке ашыруу багытындагы алгылыктуу кадамдарды улантарын кошумчалады.

Муну менен катар талапкер илдетке байланыштуу Өкмөт өз программасынын кайрадан карап чыгып, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү, бизнести колдоо багытында, инвестиция тартуу жана экономиканы калыбына келтирүү жаатында жигердүү иш алып барарын белгиледи.

Өкмөт башчылыкка Кубатбек Боронов, биринчи вице-премьер-министрлик кызматка Алмазбек Батырбековдун талапкерлиги колдоо тапты. Мындан сырткары өкмөттүн аппарат башчысы өз арызы менен кеткени кабарланып, анын ордуна Таалайбек Темиралиев сунушталды. Таалайбек Темиралиев буга чейин "Дастан" ишканасынын директору, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы болуп иштеген.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагалыгына Жогорку технологиялар паркынын жетекчиси Алтынбек Исмаилов көрсөтүлдү. Бул орун Дастан Догоев окуусуна байланыштуу кызматтан кеткенден кийин бошогон.

Калган вице-премьер-министрлер жана министрлер мурдагы орундарында калышты.

Жаңы өкмөттүн курамы 17-июнда парламенттин жалпы жыйынында каралат.

Ссылка: https://barometr.kg/parlamenttik-koaliciya-premer-ministrlik-kyzmat-orduna-kubatbek-boronovdun-talapkerligin-karoodo



Добавить комментарий