Парламентте көпчүлүктүн добушу менен Аида Касымалиева вице-спикер болуп дайындалды
Поделиться в:
Бүгүн, 27-декабрда парламенттин жыйынында Жогорку Кеңештин вице-спикери болуп КСДП фракциясынын депутаты Аида Касымалиева шайланды.
Жалпы добуш берүүнүн жыйынтыгында депутаттардын 91и "макул", 16сы "каршы" болушту. Добуш берүү жашыруун бюллетень түрүндө өткөрүлдү.
Буга чейин 14-декабрда КСДП фракциясы кезексиз жыйынга чогулуп, ушул орунда иштеген Асел Кодуранованы кызматтан алган. Бул сунушту көпчүлүк депутаттар колдоп беришкен.
Ссылка: https://barometr.kg/parlamentte-kpchlktn-dobushu-menen-aida-kasymalieva-vice-spiker-bolup-dajyndaldy
Добавить комментарий ×