Парламентте депутаттар Абылгазиевдин отчетун угуп жатышат

12 апреля 2019 11:51 1208 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 12-апрелде парламенттин жыйынында премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиев өкмөттүн аткарган иштери тууралуу депутаттарга отчет берүүдө.   

Өкмөт башчы өзүнүн баяндамасында өкмөт экономиканын баардык тармактарын өнүктүрүш үчүн болгон күч-аракетин жумшап жатышканын айтты. 

Абылгазиев ошол эле маалда Кыргызстан туризм жаатында өзүнүн потенциалдын толук колдонбой келе жатканына токтолду.Буга карабай туризмдин эсебинен бюджетке түшкөн кирешенин көбөйгөнү байкалууда.    

Макроэкономикалык  көрсөткүчтөргө токтолгон өкмөт башчы  мындай көрсөткүчтөр дагы жогорулаганын белгилеп өттү.

Премьер тышкы карыздын Ички дүң өндүрүмгө карата  пайыздык катышы  53 пайыздан 48 пайызга чейин төмөндөгөнүнө токтолду.  

 

Ссылка: https://barometr.kg/parlamentte-deputattar-abylgazievdin-otchetun-ugup-zhatyshat



Добавить комментарий