Парламентке жаңы келген Бектен Сыдыгалиев депутаттык ант берди

11 сентября 2019 10:40 2253 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеӊешке жаңыдан депутат болгон Бектен Сыдыгалиев бүгүн Парламенттин жалпы жыйынында ант берип, депутаттын милдетин аткарууга киришти.

Ал “Кыргызстан” фракциясынан жакында депутаттык ыйгарым укуктарын өз каалоосу менен мөөнөтүнөн мурда токтоткон Насыр Мусаедин ордуна келди.

Жогорку Кеӊештин Төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров жалпы депутаттардын атынан Бектен Сыдыгалиевди депутат болуп келиши менен куттуктап, анын ишине ийгиликтерди каалады.

Бектен Сыдыгалиев буга чейин Улуттук коопсуздук тармагынын бир катар жооптуу кызматтарында эмгектенген.

Ссылка: https://barometr.kg/parlamentke-zhay-kelgen-bekten-sydygaliev-deputattyk-ant-berdi



Добавить комментарий