Парламент Улуттук банктын төрагасынын отставкасын кабыл алды

29 сентября 2021 13:17 1166 Barometr
Поделиться в:
ok

Парламент Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун отставкасын кабыл алды. Бул бүгүн өткөн Жогорку Кеңештин жыйынында  елгилүү болгонун “Барометр” маалымдайт.

“Макул” деген добушту 62 депутат ыйгарса, 4 депутат “каршы” добуш беришти.

Эскерте кетсек, Толкунбек Абдыгулов кызматтан кетүү тууралуу арызын кечээ, 28-сентябрда берген. Ал Кыргызстандын Эл аралык валюта фондундагы кеңешчиси болмокчу.

Депутаттар Толкунбек Абдыгуловду кол чабуу менен узатышты. Талкуунун жүрүшүндө алар бир нече ирет анын кызматта калуусун да сурашты.

Анын ордуна президент Кубанычбек Боконтаевдин талапкерлигин сунуштады.

Ссылка: https://barometr.kg/parlament-uluttuk-banktyn-tragasynyn-otstavkasyn-kabyl-aldy



Добавить комментарий