Парламент президенттин өзгөчө абалды узартуу боюнча жарлыгын бекитти
Поделиться в:
Жогорку Кеңеш 15-апрелдеги жалпы жыйынында президент Сооронбай Жээнбековдун Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абалды узартуу боюнча Жарлыгын бекитти.
Ага ылайык, өзгөчө абал режими 15-апрелден 30-апрелге чейин узартылды. Буга чейин ӨА аталган шаарлар менен райондордо 25-марттан 15-апрелге чейин киргизилген болчу.
Өзгөчө абал коронавирустун өлкө аймагында тарашына бөгөт коюу максатында киргизилген.
Ссылка: https://barometr.kg/parlament-prezidenttin-zgch-abaldy-uzartuu-boyuncha-zharlygyn-bekitti
Добавить комментарий ×