Парламент Абылгазиевдин отчетун жактырды
Поделиться в:
Бүгүн Жогорку Кеңеш пленардык жыйынында Өкмөттүн 2019-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчетун карады. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын Басма сөз кызматы билдирди.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзүнүн баяндамасында 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөргө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үстүбүздөгү 2020-жылга карата пландарына жана көйгөйлүү маселелерге токтолду.
Өкмөт башчы жана ошондой эле министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп беришти.
Талкуулардын жыйынтыгында Жогорку Кеңештин депутаттары премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин Өкмөттүн 2019-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчетун жактырды
Добавить комментарий ×