Парламент комитети билим берүү министринин кызматына Исаковдун талапкерлигин жактырды

9 сентября 2019 17:11 1323 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети билим берүү жана илим министри кызматына Каныбек Исаковдун талапкерлигин жактырды.

Аны комитет мүчөлөрүнө бүгүн, 9-сентябрда вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова тааныштырды. Исаковду аталган кызматка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев көрсөткөн.

Каныбек Исаков 2011-жылдан бери Ош мамлекеттик университетинин ректорунун кызматын аркалап келет.

Мурдагы министр Гүлмира Кудайбердиева 4-сентябрда өзү берген арызынын негизинде кызматынан бошотулган. Ал бул кызматта 2016-жылдан бери эмгектенип келген.

Кудайбердиева министрликти башкарып турган учурда басылып чыккан окуу китебиндеги, айрым документтердеги каталар, тендерге байланыштуу бир топ сындар айтылган.

Ссылка: https://barometr.kg/parlament-komiteti-bilim-ber-ministrinin-kyzmatyna-isakovdun-talapkerligin-zhaktyrdy



Добавить комментарий