Парламент Атамбаевге тагылган айыптарды Башкы прокуратурага жөнөттү

20 июня 2019 16:11 1685 Barometr
Поделиться в:
ok

Парламент көпчүлүк добуш менен “экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестигинен ажыратуу  жана ага күнөө коюу” боюнча токтомду кабыл алды.

Токтом долбоорун 100 депутат колдоп чыкса, 5 депутат каршы добуш берди.

 “Алмазбек Атамбаевдин экс-президент макамын алуу жана ага күнөө коюу жөнүндө” токтом  юрдикалык баа берүү үчүн Башкы прокуратурага жөнөтүлдү.

Атайын комиссия Атамбаевге карата 6 пункт боюнча күнөө такты.

Алардын арасында бийликти узурпациялап алды, Кой-Таштагы үйүнүн участогу мыйзамсыз, кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотууну уюштурган, акча адалдаган «Ака инвест» компаниясына тиешеси бар, Бишкектин ТЭЦин модернизациялоодогу коррупцияга аралашкан, Бишкек ТЭЦине көмүр ташыган ишкананын кызыкчылыгын коргогон деген айыптар бар.

Ссылка: https://barometr.kg/parlament-atambaevge-tagylgan-ajyptardy-bashky-prokuraturaga-zhntt



Добавить комментарий