Парламент 80 жылдыгын белгилеп жатат

21 декабря 2018 11:35 989 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

«Жарандык коомдун үнү парламент аркылуу жаӊырып турат, бизде жаап-жашырылган, парламентке белгисиз болгон маселелер жок», — деп белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-декабрда кыргыз парламентинин 80 жылдык мааракесине арналган илимий-практикалык конференцияга катышып жатып. 

«Урматтуу Дастанбек Артисбекович!

Урматтуу фракциялардын лидерлери!

Урматтуу парламенттин мурунку жана азыркы депутаттары!

Айымдар жана мырзалар!

Кыргыз ССРинин Жогорку Совети өз ишин баштаган 1938-жылдан бери, 80 жыл ичинде, кыргыз парламенти даӊктуу жолду басып өттү. Ошондон бери ар дайым элдин өкүлү, элдин жүзү, элдин үнү болуп келди.

Жогорку Советтин, кийин Жогорку Кеӊештин бардык чакырылыштарында элибиздин татыктуу жана урматтуу уул-кыздары депутат болушту. Өлкөбүздүн калыптанышындагы алардын тарыхый ордун канааттануу менен белгилейбиз.

Кыргыз парламентинин өнүгүүсүнө татыктуу салым кошуп, элдин урмат-сыйына татыган төрагалар болду.

Иманалы Айдарбековдун, Абдыкадыр Орозбековдун, Төрөбай Кулатовдун, Асаналы Толубаевдин, Молдогазы Токобаевдин, Султан Ибраимовдун, Арстанбек Дуйшеевдин, Темирбек Кошоевдин, Абсамат Масалиевдин ысымдарын алардын элесине таазим этүү менен эскеребиз.

Кыргыз Республикасынын баатыры, Социалисттик эмгектин эки жолку батыры, урматтуу Таштанбек Акматов аксакалдын амандыгын тилейбиз.

Мамлекеттик көз карандысыздык декларациясын кабыл алган, мамлекеттин символдорун бекиткен, эркин мамлекетибиздин биринчи Конституциясын кабыл алган „легендардуу парламенттин“ депутаттарына жана анын төрагасы Медеткан Шеримкуловго тереӊ ыраазылык билдиребиз.

Эгемендүү Кыргызстандын биринчи парламентинин эки палатасынын төрагалары Мукар Чолпонбаевдин жана Алмамбет Матубраимовдун парламентаризмди өнүктүрүүдөгү чоӊ салымдары элибизге белгилүү.

Жогорку Кеӊештин баардык чакырылыштардагы депутаттарын жана төрагаларын кыргыз парламентинин 80 жылдык бүгүнкү мааракеси менен кызуу куттуктаймын"-деди президент.

Бүгүн, 21-декабрда Жогорку Кеңештин 80 жылдыгы белгиленип жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/parlament-80-zhyldygyn-belgilep-zhatat



Добавить комментарий