Парижде кайрадан бычак менен кол салуу болуп, 7 адам жаракат алды

11 сентября 2018 15:00 919 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Парижде кайрадан бычак менен кол салуу болду. Көчөдө бара жаткандарга бычак көтөрүп алып чуркап, кеминде жети адамды жаракат кылган ээн баш адам кармалды. Окуя Париждин полициясынын билдиргенине караганда, болжол менен 23:00дө шаардын 19-округундагы каналдын жээгинде болгон. Дүйнөлүк массалык маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда кол салган адам Францияга Ооганстандан келгендиги тууралуу айтылып жатат. 

Күбөлөрдүн бири 28 жаштагы Юсеф Наджаф каналдын жээги менен сейилдеп баратып бычак кармаган адамдын чуркап баратканын көргөн. Анын айтымында метал шарик менен 20дай адамдын урганына карабай, токтобой чуркаган. Алгач бир аял, бир эркек кишини сайып, андан соң эки Британдык туристтке кол салган. 

Учурда окуянын чоо-жайы ийне-жибине чейин дыкат иликтенүүдө. 

Акыркы убактарда, мындай кол салуулар Францияда байма-бай кездешүүдө. 

Ссылка: https://barometr.kg/parizhde-kajradan-bychak-menen-kol-saluu-bolup-7-adam-zharakat-aldy



Добавить комментарий