Пара алууга шектелген салыкчыны УКМК колго түшүрдү
Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Бишкектин Ленин райондук салык кызматынын А.М. аттуу инспекторун пара алууга шектүү деп колго түшүрдү. Кармалган адис салык маселесиндеги мыйзам бузууларды жашырып, аны жымсалдагыны үчүн жеке ишкерден 20 миң сом пара катары акча талап кылган. Ал 21-ноябрда параны алып жатканда колго түшкөнүн УКМКнын коомчулук менен байланыш бөлүмү бүгүн билдирди.
Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Кармалган адамга карата сот органдары тарабынан үй камагына камоо боюнча баш коргоо чарасы каралды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/para-aluuga-shektelgen-salykchyny-ukmk-kolgo-tshrd
Добавить комментарий ×