Пандемиядан улам Токиодо 2021-жылы да Олимпиада оюндары өтпөй калышы мүмкүн
Токиодо өтө турчу жайкы Олимпиада оюндары коронавирустан улам 2021-жылга жылдырылган болчу. Эгер коронавирус менен күрөшүүдө жакшы натыйжа болбосо 2021-жылы да оюн үзгүлтүккө учурашы ыктымал. Бул тууралуу Токио-2020 Олимпиада оюндарын уюштуруу комитетинин башчысы Ёсиро Мори билдирди.
“Коронавирус менен күрөшүүдө жакшы натыйжа болбосо оюндар болбой калышы толук мүмкүн. Буга чейин Олимпиада оюндары согуштан улам гана токтотулган. Бул ирет биз көзгө көрүнбөгөн душман менен алышып жатабыз”, — деди ал.
Ёсиро Мори эгер пандемия жакшы ооздукталып, вакцина табыла турган болсо Олимпиада оюндары да кызыктуу жана маанилүү болорун кошумчалады.
Буга чейин кабарлангандай, оюндар 2021-жылы 23-июлда өтмөк.
Ссылка: https://barometr.kg/pandemiyadan-ulam-tokiodo-2021-zhyly-da-olimpiada-oyundary-tpj-kalyshy-mmkn
Добавить комментарий ×