Пандемия учурунда Россиянын ЖОЖдоруна тапшырууга болот

2 июня 2020 17:20 680 Barometr
Поделиться в:
ok

Россиянын ЖОЖдоруна тапшырууну каалаган  Кыргызстандык абитуриенттерге пандемия тоскоол болбойт. Бул тууралуу "Россия сегодня" агенттигинде өткөн онлайн-маалымат жыйында окуу жай жетечилери билдиришти. Ошондой эле тапшыруу сынактары дистанттык түрдө өтө турганы маалым болду.

«Россиянын ЖОЖдорунан окугусу келген абитуриент өзүнө ыңгайлуу күндү тандап экзамен тапшыра алышат. Система 24 саат бою ар бир абитуриентке жеткиликтүү. Алдын ала интернеттин жана камеранын сапатын текшерип алуу керек экенин» - Россиянын Плеханов атындагы Экономика университетинин проректору Петр Карасев билдирди. Ошондой эле , университеттерге онлайн-көзөмөлдөө системасы орнотуларын кошумчалады.

Сибирь Федералдык университетинин ректору Максим Румянцевдун айтымында тыпшыруу сынактарынын гана эмес, документтерди кабыл алуунун дагы формасы өзгөрөт.  "Абитуриенттин кабинети" аталышында атайын интернет-модулга кирип, бардык документтердин сканерден өткөн көчүрмөлөрүн, окууга кабыл алуу боюнча арызды жөнөтсө болот.

"Окуу жайлардын сайттарында студенттер менен жолугушуулардын видеолору жүктөлгөн. Анда ар кайсы программалар тууралуу суроо-жооптор бар", — дейт Түштүк-Урал Мамлекеттик университетинин ректору Александр Шестаков. Ошондой эле окуу жай Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Кыргызстан сыяктуу өлкөлөр менен кызматташаарын белгилеп өттү.

Ал эми Балтика федералдык университетинин ректору Александр Федоров студент кандайдыр бир себептер менен учурунда окууга келе албай калса, аны күтүп, атайын шарттар каралаарын  белгилеп, эгер эпидемиологиялык абал турукташпай турган болсо, окуу жылы аралыктан башталып калуусу мүмкүн экенин айтты.

Ссылка: https://barometr.kg/pandemiya-uchurunda-rossiyanyn-zhozhdoruna-tapshyruuga-bolot



Добавить комментарий