Пандемия учурунда фостердик үй- бүлөлөргө гуманитардык жардам берилди

22 мая 2020 18:24 577 Barometr
Поделиться в:
ok

Пандемия учурунда SOS Балдар айылдары Кыргызстан жана «Балалык институту» Коомдук фонддору өнөктөштөрүнө: Ысык-Көл облусунун жана Бишкек шаарынын райондук Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыктарына, Бишкек шаарынын Муниципалдык аймактык башкармалыктарынын социалдык кызматкерлерине, Балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоонун адистештирилген борборунун (Балдар үйү) кызматкерлерине, ошондой эле Бишкек шаарынын Балдар үйүнүн жана Ак-Суу балдар үйүнүн тарбиялануучуларына, Ысык-Көл, Чүй облустарынын жана Бишкек шаарынын багып алуучу (фостердик үй-бүлөлөр) үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Бул  тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрликтин басма сөз кызматы билдирди.  

Жеке коргонуу каражаттары, азык-түлүк баштыкчалары, мобилдик байланыш жана обочолонгон кыймыл үчүн унаа менен камсыз кылуу түрүндө көрсөтүлгөн жардамдын жалпы суммасы - 556 812 сомду түзгөн. Мындан тышкары, карантин учурунда социалдык кызматкерлерге жергиликтүү социалдык жардамды уюштуруу үчүн психологиялык жардам жана консультация берилүүдө. 

Жардам Европалык бирликтин долбоору алкагында көрсөтүлгөн.  

Ссылка: https://barometr.kg/pandemiya-uchurunda-fosterdik-j-bllrg-gumanitardyk-zhardam-berildi



Добавить комментарий