Пандемия учурунда балдарга карата сексуалдык мүнөздөгү кылмыштар көбөйдү
Коронавирус пандемиясы балдар арасындагы сексуалдык кылмыштардын көбөйүшүнө алып келди. Бул тууралуу Интерполдун сайтында жарыяланган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Белгилүү болгондой, мындай кылмыштардын көбөйүшүнө карантинге байланыштуу мектептердин жабылышы себеп болгон. Натыйжада балдар Интернетте көбүрөөк убакыт өткөрө башташкан. Даркнет тармагында киберкылмышкерлердин иш-аракети дагы күч алды.
Ошол эле учурда, балдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иштерди жүргүзгөн социалдык кызматтар дагы бир нече убакытка чейин COVID-19 илдетине байланыштуу иштебей калган. Интерполдун башкы катчысы Юрген Сток " балдардын интернеттин шылуундарынан жабыркоосу боюнча өсүп жаткан айсбергдин учун гана көрүүдөбүз" деди.
Өткөн жылы АКШнын Иллинойс штатындагы 700гө жакын католик дин кызматкерлери жаш балдарды сексуалдык зомбулукка тартуусу мүмкүн деп айтылган. Документте атайын түзүлгөн ишеним телефону дин кызматкерлеринин зомбулугу жөнүндө 300дөн кем эмес билдирүү алгандыгын, көпчүлүк учурда курмандыктар болгонун белгилейт.
Ссылка: https://barometr.kg/pandemiya-uchurunda-baldarga-karata-seksualdyk-mnzdg-kylmyshtardyn-kbjd
Добавить комментарий ×