Пандемия учурунда ачка калган тыйын чычкандар, жаңы ашкана табышты (Видео)

23 июня 2020 13:05 2310 Barometr
Поделиться в:
ok

Улуу Британиянын Уайт аралындагы үйдө тамактанып жаткан тыйын чычкандар видеого тартылып калды. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы билдирет.

Жергиликтүү тургундар Эрик менен Има Ван Дам тамактануу үчүн үйүнүн террасасына баш баккан. Алардын кечки тамагына тогуз тыйын чычкан кошулуп алган. Жубайлар аларды айдабастан, сүйкүмдүү көрүнүштү тасмага түшүрүп калышкан.

«Мурда тыйын чычкындарга эс алуучулар тамак берип келишкен. Пандемияга байланыштуу алар эми баш «ашкана» таап алышты. Багууга бир кап күн карама данегин сатып алдык», - дейт Эрик.

Ошондой эле тыйын чычкандар ар дайым аларды үйдөн чыгып жатканда тосуп алаарын кошумчалады.

Тасмада, тыйын чычкандар өз үйүндө жүргөндөй ээн-эркин тамактанып жатканын көрүүгө болот.


Ссылка: https://barometr.kg/pandemiya-uchurunda-achka-kalgan-tyjyn-chychkandar-zhay-ashkana-tabyshty-video



Добавить комментарий