Пакистандык жаранды бычак менен коркутуп, тоноп кеткен жигиттер кармалды

26 марта 2021 09:51 822 Barometr
Поделиться в:
ok

Пакистандын жаранын коркутуп, тоноп кеткенге шектелген жигиттер кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, 25-мартта  болжол менен саат  02:45  чамасында “102”  кызматына  Ала-Тоо аянтынан каракчылык кылып кетишти деген маалымат келип түшкөн.

“Айтылган дарекке ошол замат милициянын  кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 2002-жылы туулган Т.М. аттуу  пакистан улутундагы жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле даректен арыз ээсин белгисиз жарандар бычак кайчыга окшош буймдар менен коркутуп, жана күч колдонуп, эки “Айфон” телефонун жана  2000 сомун алып, белгисиз тарапка качып кетишкен.

Ыкчам кармоо иш-чараларынын негизинде, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары  1994-жылы туулган А.Т., 1996-жылы туулган Р.у Т. жана 1995-жылы туулган  Р.у Б. аттуу 3 жаран кармалып, Биринчи май райондук Тергөө кызматына өткөрүшүп берилди”, - деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын  жазык кодексинин 202-берененин (Каракчылык) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Ссылка: https://barometr.kg/pakistandyk-zharandy-bychak-menen-korkutup-tonop-ketken-zharandar-karmaldy



Добавить комментарий