Пакистандан Кыргызстанга 100 кыргыз жараны учуп келди

17 июня 2020 14:28 1128 Barometr
Поделиться в:
ok

Пакистандан Кыргызстанга 100 кыргыз жараны учуп келди. Бул тууралуу КРнын Пакистан Ислам Республикасындагы элчилиги кабарлады.

Бүгүн көптөн бери күтүлүп жаткан пакистандык авиакомпаниясынын жардамы менен Элчилике кайрылган 100 адамга Исламабад-Бишкек биринчи рейсы уюштурулдуу. Учуп кеткен жарандардын арасында: кыз-келиндер, балдар, окуучулар, улгайган жарандар, жана башка мекендештерибиз.

Белгилей кетсек, КРнын президентинин тапшырмасына ылайык, Пакистандан авиа кыймылын жүргүзүүгө тыюу салынгандан жана чек-аралар жабылгандан соң, 2020-жылдын мартынан баштап Элчиликтин консулдук бөлүмү, КРнын Короновирустук инфекциясы мамлекеттин аймагында мындан ары жайылтуусуна каршы Республикалык штаб менен тыгыз байланышта, кыргызстандыктарга жардам берүү жана Мекенине кайтууга көмөк көрсөтүү боюнча ишин баштаган.

19-июнда дагы 100 кыргыз жаранына, Лахор-Бишкек маршруту боюнча, экинчи рейсы уюштурулууда.

Ссылка: https://barometr.kg/pakistandan-kyrgyzstanga-100-kyrgyz-zharany-uchup-keldi



Добавить комментарий