Пакистанда катуу жер титирөө болуп, каза болгон жана жабыркагандар бар

22 марта 2023 08:34 896 Barometr
Поделиться в:
ok

Пакистанда күчү 6,8 баллдык жер титирөө болуп, кеминде эки адам каза болду. Бул тууралуу Dawn басылмасына шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, жер титирөөнүн очогу Ооганстандын Гиндукуш аймагында болгон.

Алдын ала маалыматта, Пакистанда чатырлар, дубалдар жана үйлөр урап, эки киши каза болуп, алтоо жараат алган.

Облустагы дагы сегиз үй жарым-жартылай жабыркаган. Бирок Сват районунун полиция кызматкери Шафиулла Гандапур порталга эки адам каза болуп, 150 киши жарадар болгонун айтып, алар Саиду окуу ооруканасына которулганын кошумчалады.  

Күбөлөрдүн айтымында, кеминде 30 секундага созулган катуу жер титирөө Пакистандын көп бөлүгүндө сезилген.  

«Элдер үйлөрүнөн чуркап чыгып, куран окуп жатышты», - дешет окуяга күбө болгондор.     

Жер титирөө Пакистандын Исламабад, Пешавар, Лахор, Равалпинди, Кветта, Кохат, Лакки Марват, Дера Исмаил Хан, Түштүк Вазиристан жана башка аймактарында да сезилгени белгиленди.       
Премьер-министр Шахбаз Шариф Табигый кырсыктарды башкаруу улуттук башкармалыгына жана башка мекемелерге ар кандай өзгөчө кырдаалдарга даяр болууга буйрук берди.       

Ошондой эле, жер титирөөнүн Ооганстан менен Индиянын айрым жерлеринде, анын ичинде борбор шаар Нью-Делиде болгондугун белгилеп, жер титирөөнүн очогу Ооганстандын Журм шаарынан 40 километр түштүк-чыгышта болгонун билдирди.      

Эске салсак, жер титирөөнү Казакстандын бир катар шаарларынын, анын ичинде Шымкент жана Тараз шаарларынын тургундары сезген.      
 
 
 
 

Ссылка: https://barometr.kg/pakistanda-katuu-zher-titir-bolup-kaza-bolgon-zhana-zhabyrkagandar-bar



Добавить комментарий