Пакистан Кыргызстандын медициналык окуу жайларын "кара тизмеден" чыгарат

22 февраля 2021 09:33 1542 Barometr
Поделиться в:
ok

Пакистандагы иш сапарынын алкагында Алмазбек Бейшеналиев Пакистан медициналык комиссиясынын президенти Аршад Таки мырза менен жолугушту. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет. 

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Кыргызстандагы медициналык окуу жайлардын айланасындагы маселе чечилди.

Ага ылайык, Кыргызстандагы медициналык окуу жайлар Пакистан медициналык комиссиясынын А, В жана С тизмелеринде орун алып, аларды бүтүргөн Пакистандын жарандары Медициналык комиссиянын сынактарына тоскоолдуксуз кире турган болушту.

Тизмелердин түшүндүрмөсү:

● A - эл аралык, көз карандысыз аккредитациядан өткөн окуу жайлар;

● B - көз карандысыз аккредитациядан өткөн, бирок эл аралык аккредитациядан өтө элек окуу жайлар;

● C - аккредитациядан өтө элек окуу жайлар;

Ал эми, жаңы ачылган медициналык окуу жайлар министрдин талабы менен өзүнчө тизмеге киргизилет.

"Жогорудагы тизмеделердеги медициналык окуу жайлардын баарына Пакистандын жарандары эч кандай тоскоолдуксуз тапшыра алышат.

Муну менен катар эки тараптын ортосундагы айырмачылыктардан улам чыккан маселелер комплекстүү каралып, КР Билим берүү жана илим министрлигинин койгон талаптарына ылайык чечилди.

Пакистандагы иш сапарынын алкагында Алмазбек Бейшеналиев Жогорку билим берүү боюнча комиссиянын төрагасы Тарик Банури менен жолугушуп, Кыргыз-пакистан илимий фондун түзүү тууралуу макулдашты", - деп айтылат маалыматта. 

Эске сала кетсек, буга чейин, Кыргызстандан медициналык билим алып кеткен пакистандыктардын көбү өз өлкөсүндө экзаменден өтпөй калып, жумушсуз калып жаткандыктан Пакистан Кыргызстандын бир катар ЖОЖдорун кара тизмеге киргизген. 


Ссылка: https://barometr.kg/pakistan-kyrgyzstandyn-medicinalyk-okuu-zhajlaryn-kara-tizmeden-chygarat



Добавить комментарий