Осмонакун Ибраимов Ички иштер министрлигине белек катары китептерин тапшырды

4 октября 2021 15:03 1315 Barometr
Поделиться в:
ok

Белгилүү окумуштуу жана саясатчы Осмонакун Ибраимов Ички иштер министрлигине 100 нуска өзүнүн атактуу адамдар сериясынан “Усубалиев” аттуу китептерин тапшырды.Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматына таянуу менен “Барометр” билдирет.

Осмонакун Ибраимов жогоруда аталган китебинде Турдакун Усубалиевдин тагдыры, жашоого болгон көз карашы, жазуучу Чыңгыз Айтматовго жана башка белгилүү замандаштары менен болгон мамилеси тууралуу айтылат.

Китептерди тапшыруу аземи Ички иштер министрлигинин коллегиясынын чоң залында болуп өтүп, ага Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратынын түзүмдөрүнүн башчылары катышты. Китептерди өткөрүп берүү учурунда Осмонакун Ибраимов залда отургандардын ар бирине ысымдарын кол тамгасы менен жазып тапшырды.

Белгилей кетсек, Ибраимов Осмонакун Ибраимович - cынчы, адабиятчы, котормочу, мамлекеттик жана коомдук ишмер, 1954-жылы 5-январда Кара-Кулжа районундагы Алайку айылында туулган, 1978-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин орус филология факультетин аяктаган. Орус тили жана адабияты мугалими болуп иштеген, Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтунда сабак берген. Филология илимдеринин доктору, профессор. 1993-жылы Кыргыз Республикасынын Президенти Аскар Акаевдин басма сөз кызматынын башчысы болуп дайындалган, ошол эле жылы вице-премьер министр болгон. 2001 - 2005-жылдары Кыргыз Республикасынын  Мамлекеттик катчысы болгон. 2010-жылдан тартып Кыргыз-Орус Славян университетинде окутуучу. "Кыргыз мамлекетинин тарыхы" китебинин автору (2015).

Иш-чаранын жыйынтыгында, Ички иштер министрлигинин Борбордук аппаратынын жетекчилери китептин авторуна ыраазычылык билдирип, ага чың ден соолук, узун өмүр, кесиптик ой максаттарын орундалышын  каалашты.

Ссылка: https://barometr.kg/osmonakun-ibraimov-ichki-ishter-ministrligine-belek-katary-kitepterin-tapshyrdy



Добавить комментарий