Оскар: Түштүк Кореянын “Паразиты” тасмасы баш байгеге татыды

10 февраля 2020 11:39 744 Расул Мурат
Поделиться в:
ok

Түштүк кореялык режиссер Пон Жун Хонун “Паразиты” тасмасы Оскардын “эң мыкты тасмасы” аталып, баш байгени жеңип алды. Бул тууралуу ABC теленканалы билдирди.

Андан тышкары орун алгандардын тизмеси төмөнкүчө болду:

Мыкты режиссер -  Пон Жун-Хо ("Паразиты")

Мыкты чет элдик тасма - "Паразиты"

Мыкты актер - Хоакин Феникс ("Джокер")

Мыкты актриса - Рене Зелльвегер ("Джуди")

Экинчи  пландагы мыкты актер - Брэд Питт ("Однажды в Голливуде")

Экинчи пландагы мыкты актриса - Лора Дерн ("Брачная история")

Мыкты оригиналдуу сценарий - "Паразиты"

Мыкты ыңгайлашкан сценарий - "Кролик Джоджо"

АКШнын киноакадемиясынын 92-“Оскар” сыйлыгын тапшыруу аземи Голливуддагы белгилүү Dolby Theatre жайында өттү.

Ссылка: https://barometr.kg/oskar-tshtk-koreyanyn-parazity-tasmasy-bash-bajgege-tatydy



Добавить комментарий